Дастан Шаршеев чемпион! Кыргызстандык кикбокс боюнча дүйнө биринчилигин багындырды

Буга чейин ушул эле турнирде кыргызстандык спортчулар Шахриза Халилова менен Рустам Ибрагимов атаандашын уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев россиялык мушкер Алексей Додоновду утуп кикбокстун WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.

Ушул тапта борбордогу Кожомкул атындагы Cпорт сарайында кикбокс боюнча Max Pro K1 эл аралык турнири болуп жатат.

Шаршеев кеченин башкы беттешинде россиялык Алексей Додонов менен күч сынашкан. Натыйжада экинчи раундда атаандашын нокаутка учуратты.

UFC мушкери Рафаэль Физиев: Конор менен Хабиб мендей эле мушкер, утса болот

Бул кыргыз спортчусу кикбокс боюнча 26 беттеш өткөрүп, 16 ирет жеңилген. Алексей Додонов 51 беттеш өткөрүп, 36 ирет жеңген.

Шаршеев 2017-жылы Казань шаарында өткөн тай боксу боюнча мелдеште россиялык мушкер Антон Калининге жеңилип калган. Бирок ал калыстар тобунун мындай чечимине макул болбой, рингден түшпөй койгон. Кийинчерээк спортчу Калининди реванш-беттешүүгө чакырып утуп алган.

Эске салсак, бүгүнкү турнирде дагы кыргызстанды эки спортчу жеңишке жетти. Алар кыздар арасынан өзбекстандык атаандашын уткан Шахриза Халилова менен казакстандык спортчуну жеңген Рустам Ибрагимов болду.