БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбор калаада түндө болгон жапырт мушташ учурунда 19 жаштагы улан көз жумганын Sputnik Кыргызстан агенттигине анын достору билдиришти.
Күбөлөрдүн айтымына караганда, кырсыктуу окуя 24-февралга караган түнү саат 2:00дөр чамасында Чүй жана Эркиндик проспектилеринин аймагында болгон. Эки топтун балдары алгач айтыша кетип, андан соң мушташууга өтүшкөн.
Алардын бири уланды бычак менен уруп жиберип, ал каза таап, ал эми жарадар досу ооруканага түшкөн.
Бишкек шаардык милициясынан жогорудагыдай өкүнүчтүү окуя болгондугун, тилекке каршы, андан бир адам өлгөнүн тастыкташты. Факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милициядан мушташка кимдер катышкандыгын жана анын себебин иликтөө боюнча иштер башталгандыгын айтышты.