Радио

Депутат Сурабалдиева бензин лоббисин кимдерден уккандыгын айтып берди

ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева Кыргызстандагы 40 сомдон кем эмес бензин Казакстанда 29 сомдон сатылып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Депутат Сурабалдиева бензин лоббисин кимдерден уккандыгын айтып берди

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майдын Кыргызстандагы баасын төмөндөтүү боюнча иш-аракеттерди ылдамдатышы керек. Бул тууралуу Элвира Сурабалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы бензиндин учурдагы наркы негизсиз, күйүүчү майды алып келген жана саткан ири компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөн топтор бар.

"Менин коллегаларымдын арасында бензин лоббисине тиешеси бар адамдардын жүргөндүгү тууралуу расмий эмес, тар чөйрөдөн угуп жатам. Алар дары-дармек компанияларынын кызыкчылыгын коргогондой эле бул жерде дагы күйүүчү-майлоочу май боюнча иш алып барган ири ишканалардын кызыкчылыгын көздөшүүдө. Өкмөт бензиндин баасына байланышкан маселени тезирээк чечүүгө аракет кылышы керек. Аткаруу бийлиги көп учурда кайсы бир маселелер менен парламентке келгенде ишти тездетип берүүнү өтүнүшөт. Ал эми бул көйгөй боюнча кыймылдабай жаткандыгы мен үчүн түшүнүксүз", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле эл өкүлү тийиштүү органдар бензиндин аткезчилигине байланышкан маселелердин жаатында дагы жеткиликтүү иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.