Ресторанда аял аз жерден дөңгөлөктүн алдында кала жаздады! Кооптуу видео

Видеокамерага автонуаа имаратка кирип келип, андагы отургучтар менен столду сүзүп барып токтогону катталып калган.
Sputnik

Маалыматка караганда, рулдагы киши айдоочулук күбөлүгүн бир ай мурда эле алган экен. Окуя Кытайдын түштүк жагында болгондугун CGTN жазды.

Кырсык кишинин автоунааны педалдарын алмаштырып басып алгандыгынан улам болгон. Видеодон ресторанда отурган аялдын аз жерден дөңгөлөктүн алдында кала жаздагандыгын көрүүгө болот.