Апта ирмеми: толгон айдан кымча бел сулууларга чейин

Sputnik

Флоридада (АКШ) NASCAR жарышы учурунда 20 машина кагышты.

Россиянын президенти Владимир Путин салтка айланып калгандай, Федералдык кеңешке кайрылуу жасады.

Мексика менен АКШнын чек арасында Гондурас, Гватемала жана Сальвадордон келген 5,6 миң мигрант чогулуп калды.

Италияда Милан мода жумалыгы өттү.

Лондондо (Улуу Британия) BRIT Awards 2019 музыкалык сыйлыгы тапшырылды.

Севастополдо "Севастополь сулуусу — 2019" конкурсу өттү.

Нью-Йоркто жыл сайын өтүүчү оюнчуктардын көргөзмөсү болду.

19-февралдан 20-февралга караган түнү Ай Жер планетасына абдан жакындады.

1 / 16
Лофотенск аралдарындагы (Норвегия) сууга секирип жаткан киши
2 / 16
Россиянын президенти Владимир Путин салтка айланып калгандай, Федералдык кеңешке кайрылуу жасады
3 / 16
19-февралдан 20-февралга караган түнү Ай Жер планетасына абдан жакындады. Ай менен жердин ортосундагы аралык 356 761 чакырымды түздү.
4 / 16
Техастагы (АКШ) родео мелдешинин катышуучусу
5 / 16
"Севастополь сулуусу — 2019" конкурсунан бир көрүнүш
6 / 16
Флоридада (АКШ) NASCAR жарышы учурунда 20 машина кагышты. Бактыга жараша, бир да айдоочу олуттуу жаракат алган эмес.
7 / 16
Коломбо шаарында (Шри-Ланка) Перахера фестивалынын алдында тургундар пил менен учурашууда
8 / 16
Америкалык ырчы Pink BRIT Awards 2019 музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземинде
9 / 16
Нигерияда кездемелерди ушинтип улуттук ыкма менен боёшот
10 / 16
Америкалык лыжа тебүүчү Бен Лумистин Австриядагы дүйнө чемпионатындагы машыгуу учурунда тартылган сүрөтү
11 / 16
Баласын жонуна көтөргөн Гондурастан келген аял АКШ менен Мексиканын чек арасындагы Рио-Гранде дарыясын кечип өтүүдө
12 / 16
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Доасан темир жол станциясындагы жолуккан учурунун кичинекей статуэткасы
13 / 16
Мьянманын Янгон базарында кездеме саткан дүкөндүн сатуучусу
14 / 16
Франциядагы зоопарктардын биринде баласын бооруна кыскан горилла
15 / 16
Нью-Йорктогу жыл сайын өтүүчү оюнчуктардын жарманкеси
16 / 16
Жиджи Хадид Миландагы мода жумалыгында Versace коллекциясын көрсөттү