Россияда учакка түшүүдөгү эрежелер өзгөрдү

Эми авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө электрондук талонду пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматты сайтына жайгаштыруусу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Өз алдынча онлайн каттоодон өткөн жүргүнчүлөрдү Россиянын аэропорттору 2019-жылдын 24-февралынан тарта учактагы орундуктун электрондук талону аркылуу өткөрүп баштайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Билдирмеге караганда, Россиянын Транспорт министрлигинин буйругу күчүнө кирди.

12 өлкөдө болгон студент Европада аз акча менен саякаттоонун жолун айтып берди
Эми авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө электрондук талонду пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматты сайтына жайгаштыруусу керек. Ошол эле учурда аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн талондорду кагазга өз алдынча чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү сакталып калат.

Шереметьево аэропорту жүргүнчүлөрдү электрондук талон аркылуу тейлөөгө даяр экенин билдирди. Бирок кызмат кайсы датадан тарта ишке кирери так эмес.

Электрондук талондо 2D-штрих-код менен QR-код болот. Аларды автоматташтырылган турникеттер окуй алат.