Радио

Ишкер айым: адам бир кызматта 6-7 жыл отурса деградация болот

"Курак" айымдар форумунун мүчөсү, ишкер айым Элиза Асилбекова иштеп жаткандар жумуш ордун алмаштырып турушу керектигин айтты.
Sputnik
Ишкер айым: адам бир кызматта 6-7 жыл отурса деградация болот

Адам бир кызматта 6-7 жыл отурса, деградация пайда болот. Бул тууралуу Элиза Асилбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ийгилик жаратам дегендер жумуш ордун алмаштырып, карьералык жактан өсүп турушу зарыл.

"Бир жумуш кечке эле кайталана берсе адамдын кызыгуусу азайып, жумушу артка кетиши мүмкүн. Психологияда да ишти алмаштырып туруу маанилүү экени айтылат. Бир эле кызматта 6-7 жыл отурбаш керек. Мындай учурда мээнин өнүгүшү токтоп, деградация болот. Ийгилик жаратам дегендер ошол эле мекеменин чоңураак кызматына же башка ишке которулганы жакшы. Ишкерликке кызыккан аялдар алгач билим алып, өзүнө ишеним пайда болгондо бизнес баштаса болот", — деди Асилбекова.

Ал өзү бир кызмат орунда 2-3 жыл отуруп, көтөрүлүп турганын кошумчалады.