Бакта бутун учкаштырып отурган "сексуалдуу" коала интернетти дүң кылууда

Британиялык фотограф жаныбар өзгөчө сонун абалда отурганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Британиялык сүрөтчү Росс Лонг Австралияда саякаттап жүрүп тарткан сүрөтү интернетти дүң кылып жатканын Daily Mail басылмасы жазды.

Сүрөтчү Лонг бакта кыймылдабай отурган коаланы капысынан байкап калып, аны ыңгайлуу ракурстан сүрөткө тартып алган.

Фотограф жаныбар өзгөчө сонун абалда отурганын кошумчалады.