БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республиканын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Таласта +6…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10 градус жылуу, Нарын аймагында -2…-7 градус суук болору болжолдонду.
Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Ошто +7…+9, Бишкекте +6…+8 градуска жетет.