Бишкекте көпүрөгө буту кыпчылып калган окуучу куткарылды. Сүрөт

13 жаштагы окуучунун буту көпүрөнүн капталындагы арматурага кирип кетип чыкпай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөгө буту кыпчылып калган окуучу куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 23-февралда болгон. Көпүрөнүн капталындагы арматурага 13 жаштагы окуучунун буту кирип кетип чыкпай калган.

Куткаруучулар жерине барып, балага жардам беришкен. Абалы жакшы, ден соолугуна эч кандай зыян келген эмес.