Үйлүү болгусу келип жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн. Баткендеги чуулуу окуя

Соттук-медициналык экспертиза аялдын оң каракуш чыкыйына катуу нерсе тийгенин, көзү көгөрүп, мээсине кан уюп, муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн кайын сиңдиси менен күйөө баласы 20 жылдан эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Халатчан сүрөтүн жиберген. Кызганып, жолдошунун кесиптешин сабаган келин
Кандуу окуя 2018-жылдын 17-майынан 18-майга караган түнү болгон. Түгөйлөр алдын ала сүйлөшүп алып, түнкү саат 02.00дөр чамасында төшөктө уктап жаткан 39 жаштагы жеңесин таш менен бир нече жолу башка чаап, андан соң муунтуп өлтүрүп, сөөгүн каналга ыргытып жиберишкен. Беш баланын энесинин сөөгү кийинки күнү коңшу айылдан табылган. Бирок кылмышкерлер 40 күндөн ашык убакыт бою кылган ишин жашыра алышкан. Териштирүү маалында шектүүлөр мындай кадамга чогуу жашаган үйгө ээлик кылуу максатында барганын айтышкан.

Соттук-медициналык экспертиза аялдын оң каракуш чыкыйына катуу нерсе тийгенин, көзү көгөрүп, мээсине кан уюп, муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Сот айыпталуучулардын мал-мүлкүн конфискациялап, 400 миң сом моралдык чыгым төлөмөр кылып, ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратты.