БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Өлкө аймагында быйылкы кыштын акыркы аптасында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
24-февраль күнү Кыргызстан боюнча күн ачык болот деп болжолдонууда.
Болгону 25-26-февралда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн —1…-6 болсо, күндүзү 3…8 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад облустары күндүзү нөлдөн жогору +9 градуска жетет.
27-28-февраль күндөрү жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы мүнөтүнө 1-6 метрге жетет.
Анткен менен бийик тоолуу райондордо кыш дагы деле катуу. Мисалы, Суусамыр өрөөнү менен Кумтөр капчыгайында түнкүсүн суук —30…-35 градуска жетсе, күндүз аптанын акыркы күндөрү гана —3…-8 градуска көтөрүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларында дагы апта жаан-чачынсыз өтөрү айтылды.