БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эл аралык валюта резерви 12 валютадан турат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Январь айынын аягындагы маалыматка караганда, резервдин көлөмү 2 миллиард 170,4 миллион долларга барабар. Бул каражат эл аралык эсептешүүлөргө, төлөм балансынын дефицитин жабууга жана улуттук валютанын курсун турукташтырууга жумшалышы мүмкүн.
2018-жылдын аягында Улуттук банктын эл аралык валюта резервинде 12 өлкөнүн акчасы бар болчу. Алар:
- АКШ, Австралия, Сингапур жана Канада долларлары;
- евро;
- Швейцария франкы;
- Англия фунт стерлингдери;
- Япония йенасы;
- Россия рубли;
- Кытай юаны;
- Түштүк Корея вонасы;
- Норвегия кронасы.
"Резервдин курамы Кыргызстандын тышкы карызынан жана өкмөт менен Улуттук банктын эл аралык милдеттеринен көз каранды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле аталган резерв дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнө жана эл аралык каржы рыногунун абалына жараша түзүлөт.