Көк бөрү беттешинде өкмөт Спорт агенттигин утуп алды. Оюндун сүрөттөрү

Өкмөт мүчөлөрү оюндун аягында активдүүлүк кылып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ата Мекенди коргоо күнүнө карата "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча жолдоштук беттештин биринчи жеңүүчүсү аныкталды.

Алгачкылардан болуп өкмөт менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги беттешти.

Оюндун биринчи бөлүгүндө 3:2 эсеби менен Спорт агенттиги алдыга чыкты. Экинчи бөлүктө эсеп саны өзгөргөнү менен өкмөт озуп кете алган жок, 5:3 эсеп менен соңуна чыкты. Бирок үчүнчү таймда өкмөт мүчөлөрү катуу чабуулга өтүп, 6:5 эсебинде жеңип алды.

Мындан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары менен журналисттер беттешет. Андан жеңген команда өкмөт менен финалда баш байге үчүн ойнойт.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин командасы:

  1. Нияз Курманкулов;
  2. Тилек Урмамбетов;
  3. Алтынбек Исеналиев;
  4. Мыктыбек Туташев;
  5. Алмаз Парпубаев;
  6. Рамис Жунушалиев;
  7. Кубатбек Аскарбеков;
  8. Токтобек Карымшаков;
  9. Акылбек Жумабаев;
  10. Жыргалбек Саматов;
  11. Талас Бегалиев.

Өкмөттүн командасы: 

  1. Кубатбек Боронов — биринчи вице-премьер, команданын капитаны;
  2. Замирбек Аскаров — вице-премьер;
  3. Нурбек Мурашев — айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
  4. Искендер Кадыркулов — "Түндүкэлектр" ААКнын башкы директору;
  5. Улукбек Марипов — Эсеп палатасынын төрагасы;
  6. Курсан Асанов — ички иштер министринин орун басары;
  7. Мырза Жаманбаев — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындыгы борбордук лабораториянын директору;
  8. Максатбек ажы Токтомушев — Кыргызстандын муфтийи;
  9. Акылбек Эшимов — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
  10. Улан Насакеев — Кавалерия взводунун командири
  11. Алтынбек Искеналиев — Бишкек шаардык полкунун кайгуул кызматынын командиринин орун басары;
  12. Улукбек Календеров — Юстиция министрлигинин өкүлү.