Мекенди коргоо — ыйык парз. Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу

23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү, 1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бүгүнкү майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабалардын жакшы салттарын улап келет. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков мекен коргоочуларын куттуктап жатып айтты.

"Ушул күнү санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдигине таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун каарман эмгекчилерине сый-урмат көрсөтөбүз. Өмүрүн мекенге арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Ошондой эле өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор үмүт артабыз", — деп айтылат куттуктоодо.

Мындан тышкары, өлкө башчы жыл өткөн сайын жаштар арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы жакшы саамалык экенин кошумчалады.

Сөзүнүн аягында президент мекен коргоочуларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бейпил жашоо каалады.