Бир суткада миң качкын кайтып келди. Сириядагы жандануу

Эми эч жакка кетпейм деп туруктуу калуу үчүн келгендердин саны 166 кишиге чамалап барган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Сирияга өткөн суткада коңшу жайгашкан Ливан жана Иорданиядан миңге чукул качкын кайтып келди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматтар касташкан тараптарды элдештирүү жана качкындардын жайгашуусун көзөмөлдөгөн борбордон алынган.

"Өткөн суткада Сирия Араб Республикасына чет мамлекеттерден 962 качкын кайтты. Алардын ичинде "Жейдет-Ябус", "Телль-Калах" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу Ливандан келгендер бар. 125 кишинин 38и — аял жана 64ү — балдар. Иорданиядан "Насиб" пункту аркылуу 837 качкын (251и аялдар, 427си балдар) кайткан", — деп айтылат билдирүүдө.

Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды
Ал эми эч жакка кетпейм деп туруктуу калуу үчүн келгендердин саны 166 кишиге чамалап барган.

Аталган борбордун маалыматына караганда, Сириядагы инженердик бөлүктөр 2,3 гектар жердеги миналарды зыянсыздандырды. Жарылып кетүү коркунучу жаралган 23 буюм табылганы айтылууда.

Сириядагы куралдуу кармаш 2011-жылдан бери уланып келет. 2017-жылдын соңунда Сирия менен Иракта жайгашкан "Ислам мамлекети" террордук уюму жеңилгени кабарланган.

Сириянын бир катар райондорун согушкерлерден тазалоо иштери дагы деле улантылууда. Учурда биринчи орунга саясий жактан жөндөө, Сирияны калыбына келтирүү жана качкындарды кайтаруу иштери коюлган.