Россияга мигранттар кайсы өлкөдөн көбүрөөк барары айтылды

Буга чейин биринчи орунда Украина болуп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Россияга мигранттардын агылуусу боюнча Тажикстан биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Россиянын Статистика комитетинин маалыматынан улам белгилүү болду.

Тажикстандан 2018-жылы Россияга 31 миң адам барган.

Былтыр мигранттар Кыргызстанга акча которуу боюнча рекорд коюшту
Буга чейинки лидер Украина болуп келген. Мисалы, 2017-жылы бул өлкөдөн Россияга 47,7 миң мигрант кирсе, былтыр 14,8 миңге түшүп калган.

Экинчи орунда 26,5 миң мигрант менен Казакстан турат.

Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин миграциялык агым жөнгө салынып калгандыктан, жумуш издеп келгендер арасында кылмыштуулуктун саны азайып калганын айткан.

Анын айтымында, патент менен иштегендердин эсебинен түшкөн киреше 17 миллиард рублге жеткен. Бул сумма мурда 800 миллиондон 1 миллиард рублдин гана тегереги болуп келген.