Депутаттар көк бөрү талаасында өкмөттүн айласын кетирди

Мелдешке депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жана журналисттерден түзүлгөн төрт команда катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ата Мекенди коргоо күнүнө карата өткөн көк бөрү боюнча жолдоштук беттеште Жогорку Кеңештин командасы жеңишке жетти.

Финалда эл өкүлдөрү менен өкмөттүн командасы күч сынашты.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда бири-бирине катуу каршылык көрсөткөнү менен эсеп саны ачылган жок. Ал эми экинчи таймда депутат Канатбек Исаев атаандашынын тай казанына алгачкы улакты таштады. Үчүнчү таймда депутаттар Курманкул Зулушев менен Урмат Самаев биргелешип экинчи салымды жасады. Натыйжада 2:0 эсеби менен Жогорку Кеңеш озуп кетти. 

Депутаттар көк бөрү талаасында өкмөттүн айласын кетирди

Аттан кулаган, ылай болгон депутаттар. Аткаминерлер ойногон көк бөрүнүн видеосу
Мелдешке депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жана журналисттерден түзүлгөн төрт команда катышты.

Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин командасы журналисттерди утуп алды.