Картошка көйгөйүн чечүү үчүн Абылгазиев Астанага делегация жиберет

Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Маминов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматта алар эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча маанилүү маселелерди талкуулашканы айтылат.

"Телефон сүйлөшүүнүн алкагында өкмөт башчылар Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Казакстандын базарларына алып кирүүгө коюлган чектөөгө өзгөчө көңүл бурушту. Бул жаатта эки тарапка тең ыңгайлуу боло тургандай кылып кырдаалды эртерээк жөнгө салуу жолдору талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Соңунда бул маселени чечүү үчүн Астанада өкмөттөр аралык сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдашышты. Жакын арада Абылгазиевдин тапшырмасы менен кыргыз делегациясы барып келет.

Эскерте кетсек, Казакстан 19-февралдан тарта өзүнүн аймагына Кыргызстандан алма, курма жана картошка киргизүүгө убактылуу тыюу салган.