Кувейттеги Silkroad иш-чарасында кыргыз павильону 1-орунду алды

Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында өтүп жаткан көргөзмө 22-февралда ачылды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эль – Кувейт шаарында өтүп жаткан Silkroad show: Kyrgyzstan-Kuwait иш-чарасында Кыргызстандын көргөзмөсү биринчи орунду багындырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында өтүп жаткан көргөзмө 22-февралда ачылган.

"Шейх Сабаха Аль-Ахмад атындагы этноайылда өтүп жаткан фестивалда Кыргызстандын көргөзмөсү Перс булуңундагы мамлекеттердин ичинен өзгөчө кооздугу менен айырмаланып, биринчи орунду ээледи", — деп айтылат билдирүүдө.

Жарманкеге кыргыз элине тиешелүү улуттук колориттеги кооз буюмдар, боз үй, кол өнөрчүлөрдүн эмгегинен жаралган нукура буюмдар коюлган.