Бишкек: Исанов көчөсүнүн бир бөлүгүнө автоунаа токтотууга тыюу салынды

Аталган жерге атайын белги орнотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы Исанов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүккө эми автоунаа токтотууга болбойт. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Бишкекте жол чырактарга кошумча секция коюлуп, жол белгилери толукталды
Ал жерге "Токтоп турууга болбойт" деген тыюу салган жол белгиси орнотулган. Sputnik Кыргызстандын кабарчысына мэриядан эгерде айдоочу ал жерге автоунаасын токтотуп кетип калса, мыйзамсыз болорун билдиришти.

Буга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы көзөмөл кылмакчы.

Мэриядан бул чечим аталган көчөдөгү кыймылды азайтып, автоунаалардын каттамын жеңилдетүү максатында жасалганын кошумчалашты.