Бишкектин айрым аймактарына газ берилбейт. Тизме

Кээ бир жерлерде оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкектин бир катар аймактарында 25-февралдан 28-февралга чейин көгүлтүр от берүү үзгүлтүккө учурай турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, көрсөтүлгөн убакыт аралыгында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Газ берүү убактылуу токтотула турган аймактар:

Байтик баатыр, Лев Толстой, Элебаев, Кулатов, Жукеев-Пудовкин, Горький көчөлөрү, "Автомаш Радиатор" ЖЧКсы, "Алькони" ЖЧКсы, Матросов 1а; "Санкейп" ЖЧКсы, Матросов 1в, "Байтур" ЖЧКсы