Баасы төмөндөбөгөн жолтандабастардын тизмеси жарыяланды

Тизмеге Россия, Япония жана Кореянын унаалары кирди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Адистер изилдөө жүргүзүп, баасы кескин төмөндөп кетпеген жолтандабастар менен кроссоверлерди атады. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Дүйнөдөгү эң коопсуз унаалар аныкталды. Быйылкы жылдын тизмеси
Ага ылайык, Россиянын Lada 4x4 жолтандабасы эксплуатацияга берилгенден үч жыл өткөндөн кийин баштапкы баасынын 84,95 пайызын кармап турат. Ал эми Япониянын Mazda CX-5 автосу 92,06 пайыз баасын кармайт.

Тизмеде Kia Sorento (83,33 пайыз) жана Toyota Land Cruiser (87,24 пайыз) унаалары да бар.