Кувейтте кыргыз ырлары менен бийлеринин концерти өттү. Сүрөт

Концерт улуттук кийимдин көргөзмөсү менен башталды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кувейттин Эль-Кувейт шаарында Элдик мурас жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган конференциянын алкагында Кыргызстандын ырлары менен бийлеринин салтанаттуу концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Концерт Кувейттин эң чоң театрында уюштурулду. Конокторго атамекендик эстрада ырчылары менен бий топторунун катышуусунда өзгөчө шоу-программа сунушталды.

Журналисттер жеринен видео тартып, үзүндүсүн интернетке жүктөштү.

Иш-чара улуттук кийимдердин жана атрибуттардын көргөзмөсү менен башталган. Айрым коноктор кыргыз буюмдарын суктануу менен сатып алып жатышты.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, концерт жогорку деңгээлде өттү.

"Коноктор концертти жылуу кабыл алышты. Аларга таланттуу чыгармачыл адамдарыбыз жагымдуу маанай тартуулады", — деди министр.

Ал Кыргызстан башка элдерди өзүнүн көчмөн маданияты менен кызыктыра аларын кошумчалады.