Казак тараптын картошкага салган чектөөсүнө макул эмеспиз! Министрлик үн катты

Таратылган билдирүүдө чектөө туурасындагы маалыматты коңшу өлкө алдын ала же өз учурунда кабарлабай койгондугу айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Казакстандын картошка баштаган бир катар азык-түлүктөрдү өзүнүн аймагына алып кирүүгө карантин жарыялоосу негизсиз, себеби айтылган чаралар республиканын бардык аймагына тарабайт. Бул туурасында Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.

Андан сырткары, таратылган билдирүүдө чектөө туурасындагы маалыматты коңшу өлкө алдын ала же өз учурунда кабарлабай койгондугу айтылган.

"Казакстан тарап киргизген чектөөнү негизсиз деп эсептейбиз. Себеби айтылган чаралар республиканын бардык аймагына тарабайт. Фитосанитардык чаралардын эл аралык стандартынын №13 пунктуна ылайык, карантиндик зыянкечтерди аныктоо боюнча лабораториялык бүтүмдү көз карандысыз эксперттердин тастыктап берүүсү боюнча сурам жиберебиз", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми карантин бардык аймакка тарабайт деген учур боюнча маалымат кызматы төмөнкүчө түшүндүрмө берген.

"Кыргызстандын кайсы аймагынан келген картошкадан зыянкеч табылса, чектөө ошол аймакка коюлушу керек. Продукцияга жазылган коштоочу документте кайсы жактын картошкасы экени көрсөтүлөт, ошондуктан бул пункт маанилүү", — дешти маалымат кызматынан.

Дыйкандар картошкасын деги кайда сата алат? Адистердин кеңеши
Эске салсак, Казакстан 19-февралдан тарта өзүнүн аймагына Кыргызстандан алма, курма жана картошка киргизүүгө убактылуу тыюу салды. Ал картофелде нематода курту бар экен деген кине койгон. 

Кыргызстан тарап Казакстандын азыктарды импорттоого чектөө кое тургандыгын бир күн мурда билдириши керек эле, бирок бул туурасындагы кабар 19-февралда ЖМКларга чыгып кеткенден эки күндөн соң 21-февралда келип түшкөнү айтылган. Муну министрлик Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин (ЕЭКК) чечимине негиздеп айткан. Карантин боюнча билдирүү ЕЭККке чечим кабыл алынгандан 3 күн кечиктирилбей жөнөтүлүшү керектиги да жазылган.

Кыргызстанда дыйкандардын өндүргөн картошкасын сатуу - учурда көйгөй жараткан маселе бойдон калууда. Буга чейин Sputnik Кыргызстан аталган суроого бир нече ирет кайрылып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрин жарга такап, жооп талап кылган