The Daily Mail басылмасы маалымдагандай, миңдей киши Бангалор шаарынан анча алыс эмес жердеги Матхакондапалли айылындагы белгилүү храмга чогулган. Алар бийликтин тыюу салганына карабастан букалардын катышуусунда диний майрам өткөрүшкөн.
Жергиликтүү бийлик жаалданган букалардан кооптонгонун билдирген. Айткандай эле жаныбарлардын бири топ адамды көздөй чуркап, алардын үстүнөн секирип, тебелеп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен бир нече адам майда-барат жаракат алган, учурда жабыркагандардын абалы жайында экени айтылат.
Окуядан кийин полиция кызматкерлери иш-чаранын 20дай уюштуруучусун жоопко тарткан.