Абылгазиев милдетин так аткарбаган төрт аткаминерге эскертүү берди

Буйрукка өкмөт башчы кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн төрт мүчөсүнө эскертүү бергенин маалымат кызматы билдирди.

Эмне уктап жатасыңар? Сурабалдиева бензинди 10 сомго арзандатса болорун айтты
Ага ылайык, нааразычылык саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге, Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге, Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго, ошондой эле Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго айтылган.

Маалыматта аты аталган аткаминерлер жүктөлгөн милдетин талаптагыдай аткарган эмес деп белгиленген.