81 жаштагы кемпир Лианкур аралынын жалгыз жашоочусу болуп калды

Корея менен Япония Лианкур аралын 300 жылдан бери талашып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Түштүккореялык 81 жаштагы Ким Син Ел аттуу аял талашка түшкөн Лианкур аралында жалгыз жашай турганын News басылмасы жазып чыкты.

​Маалыматка караганда, кемпир бул аралга жолдошу менен көчүп келген. Жакында эле ал каза болуп калгандыктан аралда жалгыз калды.

Корея менен Япония Лианкур аралын 300 жылдан бери талашып келет. Кореяда аны Токто дешсе, Япония Такэсима деп атайт. Бул жерди туман каптап, кышында бороон болуп турат. Аралда таза суу жетишсиз.

Кемпирдин күйөө баласынын айтымында, кайненеси тынчтыкты абдан сүйгөндүктөн аралдан кеткиси жок.