БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн эртең менен "Мобильник" компаниясынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу банктын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай чара компаниянын ишинде болгон мүчүлүштүктөрдөн улам көрүлдү.
"Мобильниктин" негиздөөчүсү жана акциясынын 49 пайызынын ээси Адилет Боотаев Sputnik Кыргызстан агенттигине контролдук пакетти 2017-жылдын сентябрь айында казакстандык ишкерге сатып жибергенин билдирген.
Мындан тышкары, ал дивиденд албай калгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылган.
Ишти Финпол карай баштаган. Боотаевдин айтымында, коллективдин бир бөлүгү иштен алынгандыгына байланыштуу төлөм системасынын ишин караган киши жок болуп калган.
Окуяга "Мобильниктин" жетекчилиги дагы комментарий берген.