Топту катыра ойногон африкалык аял соцтармакты жарды. Видео

Бир нече күндүн ичинде эле видеону 10 миллион адам көргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Топту катыра ойногон африкалык аялдын видеосу социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, тездик менен тарап жатат.

​Өткөн жуманын аягында Akin Sawyerr аттуу колдонуучу өзүнүн Twitter баракчасына видео жүктөп, "Талант бардык адамга берилет" деп жазган.

Бир нече күндүн ичинде эле роликти 10 миллион адам көрүп, 120 миң ирет бөлүшүлгөн.

Аялдын талантына АКШнын президенти Дональд Трамп дагы таң берип, "Укмуш" деп жазып бөлүшкөн.

​Кийин видеонун каарманы танзаниялык Хадхара Мдедже экени белгилүү болгон. Ал акча табыш үчүн Африкада "гастролдоп" жүрөт.