Коррупцияга каршы күрөшкөн кызматкермин деп... Таластагы окуя

Киши мамлекеттик мекемелерди мыйзамсыз негизде текшерген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-февраль күнү Коррупцияга каршы кызматтын өкүлүмүн деп алдап жүргөн кишини кармады. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Соодагердин 120 миң долларын алып кеткен киши үч жылдан кийин кармалды
Билдирмеге караганда, 38 жаштагы киши өзүн УКМКнын өкүлү катары тааныштырып, Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын №3 аймактык бөлүмүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз негизде текшерүү жүргүзүүгө аракет жасаган.

Анын жанында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында иштей турганын тастыктаган жасалма документи болгон.

УКМКдан билдиришкендей, кармалган киши ар кайсы аймактардагы мамлекеттик мекемелерде текшерүү иштерин жүргүзүп келген. Ал эреже бузууларды таптым демиш болуп, акча талап кылууну көздөгөн.

Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал документти жасалмалоого айыпталууда.