Планшетке айланып калган смартфон. 2000 долларлык телефондун видеосу

Смартфон сатып алам дегендердин колуна телефон төрт түстө апрелдин соңунда 1980 долларлык баа менен тиет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Samsung компаниясы жаңы Galaxy Fold смартфонун Сан-Франциско шаарында элге көрсөттү. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Аппараттын түзүүчүлөрү бүктөлгөн түрдө диагоналы 4,6 дюймду, ал эми жазганда планшетке айланып, диагоналы 7,3 дюймду түзүп каларын айтышты. Аны колдонгондор бир учурда эле үч тиркеме менен иштей алат, алдыңкы экранды жылдырганда арткысы менен биригип, кадырысе эле чоң экенин байкоого болот.

Смартфон сатып алам дегендердин колуна телефон төрт түстө апрелдин соңунда 1980 долларлык баа менен тиет. Бул жаңылык ноябрда эле кабарланып, LTE жана 5G стандарттарын кармай турганы айтылган.

Презентация Samsung в Сан-Франциско

Samsung Galaxy мындан сырткары S10 (S10+, S10E вариациялары) аппаратынын флагмандарын жарыя кылды. Анын камерасы алда канча жакшырып эки линза тагылгандыгы, ал эми артында "үч камера" орнотулганы айтылган. Эми техниканын ээси сүрөттү кадыресе эле фотограф сымал тартып калат дешти.

Galaxy S10 (диагоналы — 6,1 дюйм) сатыкка 8-мартта чыкмакчы, баасы 899 доллар. Ал эми диагоналы 6,4 дюйм болгондорунун баасы 999 доллар, Galaxy S10е (5,8 дюйм) 749 доллардан сатылары айтылды.

Презентация Samsung в Сан-Франциско

2019-жылдын жай айында бешинчи муунду кармай алган биринчи смартфон деген Galaxy S10 5G сатыкка чыкмакчы.