Муун ооруларына чалдыккандардын көбү оору өтүшүп кеткенде дарыгерге кайрылат. Бул тууралуу Бурмачач Чолпонкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер адамда төмөнкү белгилер байкалса, ал муун оорусунун башталышы болушу мүмкүн.
"Муун оорусуна чалдыккан адамдын муундары какшап ооруп, шишип кетет. Муун айланасындагы тери кызара баштап, кыймыл-аракеттин чектелүүсү байкалат. Башкача айтканда, муундар бүгүлбөй же жазылбай калышы мүмкүн. Тилекке каршы, азыркы кезде жада калса бала бакчага барып жаткан балдар да муун оорусу менен ооруп жатат. Жаш балдардын ооруганына көпчүлүк учурда ата-энелер күнөөлүү. Убагында аларды карап, ден соолугу үчүн кам көрүшү зарыл", — деди дарыгер.
Ал ошондой эле бейтаптардын 50 пайызы дарыгердин айтканын жасабай, оорусун күчөтүп жиберерин кошумчалады.