Радио

Согуш ардагери: Атамбаев бизди аябай капа кылган...

Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Канат Бакалов өлкөнүн айрым тургундары 1999-2000-жылдары Баткенде эмне болгондугун билбей тургандыгын айтты.
Sputnik
Согуш ардагери: Атамбаев бизди аябай капа кылган...

Согуш болгон жылдары ЖМК тарабынан калкка объективдүү маалымат жеткирүү чабал жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Канат Бакалов Sputnik Кыргызстан радиосунун Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Баткенде ошол жылдары чындыгында эмне болгондугун билбей жүргөндөр ушул күнгө чейин эл арасында арбын.

"Атамбаев-башкы колбашчыбыз бир ирет "Баткенге 5-6 согушкер кирсе, аны согуш деген туура эмес" деп бизди абдан капа кылган. Биз жооп берели дедик. Бирок камалып кетебизби деп чочуладык. Кат иретинде эле оюбузду жазып жибергенбиз. Баткен согушунда 54 бала расмий түрдө курман болгон. Эми ошол 54 баланын ата-энеси башкы колбашчынын сөзүн угуп деле кандай ойдо калды деп капа болгонбуз. Чындыгында 1999-2000-жылдары Баткендеги согуш тууралуу маалымат элге өтө чабал жеткирилиптир. Согуштан кийин Бишкекке кайтканда бул жердегилердин көбү Баткенде эмне болуп жаткандыгы тууралуу кабары жок болчу", — деди Бакалов.

Андан сырткары, ал Баткен согушуна чейин Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларындагы аскердик окуу жайлардан аскердик билим алгандыгын кошумчалады.