Назарбаевдин сынына кабылган казак өкмөтү отставкага кетти

Мамлекет башчы министрлер кабинетинин мүчөлөрү өз милдеттерин так аткара албай жатканын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. – Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Акордонун сайтына жарыяланган токтомдо жазылганын Sputnik Казакстан кабарлады. 

“Казакстандын Конституциясынын 70-беренесине ылайык өкмөттүн отставкасын кабыл алам. Премьер-министрдин милдетин убактылуу Мамин Аскар Узакпаевич аткарсын. Ал эми өкмөттүн мүчөлөрү жаңы өкмөт дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарып турсун” – деп документте айтылат. 

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Отставкага кеткен өкмөттү Бакытжан Сагинтаев жетектеп турган. 

Курттап кетиптир, албайбыз. Казакстан кыргыз картошкасын киргизүүгө тыюу салды
Буга чейин Казакстандын президентинин расмий сайтында Нурсултан Назарбаевдин “өкмөт отставкага кетиши керек” деген билдирмеси жарыяланган. Мамлекет башчы министрлер кабинетинин мүчөлөрү өз милдеттерин так аткара албай жатканын белгилеген болчу. 

Жаңы өкмөткө элдин жашоо шартын жаңы деңгээлге чыгаруу, экономиканы көтөрүү жана стратегиялык тапшырмаларды ишке ашыруу милдети жүктөлөт.