Учурда аскерде кызмат өтөгөндөрдүн 40 пайыздан ашыгы жогорку билимдүү жоокерлер. Бул тууралуу Нурсеитбек Кедеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Медициналык академиянын аскер кафедрасын аяктаган бүтүрүүчүлөргө "кенже лейтенант" наамы ыйгарылат.
"Убагында ЖОЖдо аскердик кафедралардын саны негизсиз көбөйүп кеткен. Ошондон улам ал жагдайды анализдеп, жыйынтык чыгарыш керек болду. Карап көрсөк, запаста турган офицерлердин саны жетиштүү экен. Андыктан кафедраларды жоюу боюнча чечим кабыл алынган. Учурда бир гана Медициналык академияда аскер кафедрасы бар. Себеби куралдуу күчтөр аскер медицинасына ар дайым муктаж болот. Бул окуу мекемесин аяктаган бүтүрүүчүлөргө соңунда "кенже лейтенант" аскердик наамы ыйгарылып, запаска кабыл алынат", — деди Кедеев.
Ошондой эле аскер жетекчиси куралдуу күчтөрүндө ЖОЖду аяктап кызмат өтөгөн жогорку билимдүү адистер жетиштүү санда экендигин кошумчалады.