Радио

Асанов: жазгы көчкү, суу ташкындарынын алдын алууга даярбыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов өткөн жылы республика аймагында 99 өзгөчө кырдаал катталганын айтты.
Sputnik
Асанов: жазгы көчкү, суу ташкындарынын алдын алууга даярбыз

2019-жылдын жаз мезгилине план түзүлүп, ага ылайык ӨКМ алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Алмаз Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган министрлик жазгы көчкү, суу ташкындарынын алдын алууга даяр.

"2017-жылы республикада жалпы 339 өзгөчө кырдаал катталып, материалдык чыгым 1 миллион сомдун тегерегин түзсө, ал эми 2018-жылы 99 гана өзгөчө кырдаал катталып, материалдык чыгым 1 миллион 200 миң сомдой болду. Ири өрт кырсыктары болду, ага көп чыгым кетти. Бүгүнкү күндө болсо 2019-жылдын жаз мезгилине план түзүлүп, ага ылайык, ӨКМ алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Техника жетиштүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга даярбыз", — деди Асанов.

Ал 25 объектиде каналарды тазалоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.