БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Караколго жакын жерде көчкү алдында калып бельгиялык турист каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каргаша 19-февраль күнү Ак-Суу районунун Боз-Учук капчыгайында болгон.
"Бельгиялык Кларт Март Кукенс Караколго 13-февралда келген. Бир тууганы Дриз Эмил Кукенс менен бир нече күндөн бери тоодо лыжа тээп жүрүшкөн. 19-февралда алар эс алып жүргөн жерге көчкү түшүп, турист кыз анын алдында калган", — деп айтылат билдирүүдө.
Сөөктү кар алдынан 40 мүнөттө алып чыгышкан.
Ошол эле күнү кечинде сөөк соттук-медициналык экспертиза үчүн Ысык-Көл райондук оорукананын моргуна жеткирилген.