Радио

Сейдалиев: полиэтилен суу түтүгү көбү ойлогондой зыяндуу эмес

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев Бишкек шаарындагы суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөрүн маалымдады.
Sputnik
Сейдалиев: полиэтилен суу түтүгү көбү ойлогондой зыяндуу эмес

Калаа боюнча жылына 5-7 чакырым суу түтүктөрү алмаштырылат. Бул тууралуу Мурадин Сейдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасына бюджеттен акча бөлүнбөйт жана бардык чыгымдар мекеменин өз акчасынан каржыланат.

"Эң кичинекей суу түтүктөрүнүн диаметри 50, ал эми эң чоңунуку 1400 миллиметрди түзөт. Айрымдарынын эскилиги жеткен. Аларды убагында алмаштырганга аракет кылабыз. Бизге бюджеттен акча бөлүнбөйт. Бардык чыгымды мекеме өзү көтөрөт. Мисалы, 2018-жылы 41 миллион сомго темир суу түтүктөрүн полиэтилен трубаларына алмаштырдык. Жалпысынан 5-7 чакырымды түздү. Полиэтилен түтүгү көбү ойлогондой зыяндуу эмес. Аны өндүрүүдө тийиштүү мекемелер тыкыр көзөмөлгө алышат", — деди Сейдалиев.

Ошондой эле аткаминер полиэтилен суу түтүгүнүн эксплуатациялык мөөнөтү дагы узагыраак экендигин кошумчалады.