Кыргызстандын жарандыгынан 709 киши баш тартты

Тийиштүү эки Жарлыкка мамлекет башчы кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндөгү эки Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, биринчи Жарлыкка ылайык 709 адам, алардын 558и — чоң адамдар, 151и — балдар, кыргыз жарандыгынан чыгарылды.

Ал эми экинчи Жарлык боюнча 884 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды. Алардын 708и — чоң адамдар, 176сы — балдар.