Курттап кетиптир, албайбыз. Казакстан кыргыз картошкасын киргизүүгө тыюу салды

Картошканын алтын түстүү нематодасы анын тамыры менен сабагын жабыркатат. Ал эми түшүм 50-90 пайызга, кээде толугу менен жабыркайт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Казакстан 19-февралдан тарта өзүнүн аймагына Кыргызстандан алма, курма жана картошка киргизүүгө убактылуу тыюу салды. Бул туурасында Казакстандын Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү: биз элди картошка эгүүгө үндөгөн эмеспиз
Маалыматта акыркы мезгилде картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт көп кездешкендиги айтылат.

Мындан сырткары, Өзбекстандын алма, курма жана анарын ташып кирүүгө жемиштерден Комстока куртунун табылышы себеп болгон.

2018-жылы жана быйылкы январь-февраль айында бирдиктүү карантин боюнча фитосанитардык талаптарды бузуунун 465 фактысы катталса, анын ичинен 59 жолу курттаган продукция киргизилген.

Картошканын алтын түстүү нематодасы анын тамыры менен сабагын жабыркатат. Ал эми түшүм 50-90 пайызга, кээде толугу менен жабыркайт.