Кадамжайда "Факел" чек ара заставасынын жаңы имараты ачылды

Чек ара заставанын курулушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында бүткөрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан "Факел" чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, ачылыш аземге мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Президент мамлекет чек арачылардын ишин жогору баалап, аларга татыктуу шарт түзүп берүү үчүн болгон күчүн жумшап жатканын белгилеген.

"1129 чарчы метрлик конструкциянын курамына административдик бөлмөлөрдөн турган 27 казарманын имараты, прапорщиктердин үй-бүлө мүчөлөрү үчүн имараттар, мончо, кампалар, унаа токтотуучу жай, спорттук аянтча, жайкы ачык ашкана жана башкалар кирет", — деп айтылат маалыматта.

Чек ара заставанын курулушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында бүткөрүлдү.

Макулдашуунун алкагында, Россия тарап 15-январда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автомобилдик техникаларды өткөрүп берген.