Элдик курултай өткөрүүнүн жобосун 11 адам иштеп чыгат

Адистерге 2019-жылдын 1-сентябрына чейин элдик курултайлар жөнүндө КРдин мыйзамдарын өзүнчө мыйзам долбоор түрүндө иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо милдети жүктөлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Элдик курултайларды өткөрүү боюнча жарандардын укугу жөнүндөгү жобону иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

"Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жасаганга канча каражат сарпталары айтылды
Тиешелүү буйрукка президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев кол койду.

Жумушчу топту президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев жетектейт.

Адистерге 2019-жылдын 1-сентябрына чейин элдик курултайлар жөнүндө КРдин мыйзамдарын өзүнчө мыйзам долбоор түрүндө иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо милдети жүктөлдү.

Жумушчу топтун курамы:

Курманбек Дыйканбаев – Кыргызстандын президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү;

Максатбек Есеналиев – Юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Алмазбек Акматов – Жогорку Кеңештин депутаты;

Искандер Гайпкулов – Жогорку Кеңештин депутаты;

Мирбек Кожоев – КР президентинин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы;

Максат Усубалиев – КР президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Жыргал Мурзалиева – КР президентинин аппаратынын укук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;

Бахтияр Салиев – КР өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыяс Молдокасымов – Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун төрагасы;

Турсунбек Акун – Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгрессинин координатору;

Кадыр Кошалиев – "Кыргыз жолу" руханий коомунун төрагасы.