Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү ат үстүндө күч сынашып, көк бөрү ойнойт

Аткаминерлердин оюну 23-февраль күнү саат 10.00дө башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү турнири өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Кыргызстандын 100дөй улакчысы аттары менен Сауд Аравияга барып көк бөрү ойнойт
Маалыматка караганда, турнир мурдагыдан өзгөчө болот. Анда профессионал көк бөрүчүлөр эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү улак тартышат.

Анын максаты — көк бөрү оюнун өнүктүрүү жана эл арасында жайылтуу, ошондой эле сергек жашоого үндөө, достук мамилени чыңдоо болуп саналат.

Бул мелдешти ЖК депутаты Канатбек Исаев демилгелеп, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Көк бөрү федерациясы уюштурууда. Оюн 23-февраль күнү саат 10.00дө башталат. Кирүү акысыз.