Абактан чыккан таксист Чыңгыз Анарбек уулун жакындары тосуп алган видео

Кыргызстандык таксист абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Москвада жолдун четиндеги адамдарды кокусунан койдуруп алган таксист Чыңгыз Анарбек уулу эркиндикке чыгып, туугандары, жакындары менен жолуккан учурдун видеосу интернетке тарады.

Анда абактан бошотулган жигитти алгач карындашы чуркап келип, кучактап, көзүнө жаш алып тосуп алган. Андан соң инилери жана туугандары  кезектешип, аман-эсен бошоп чыккандыгын куттуктап жаткандыгын көрүүгө болот.

Акырында эркек балдар менен кучакташып көрүшүп жаткан Чыңгыз "өх..." деп терең дем алып, андан соң өзү да жашып кеткен.

Видеону социалдык тармактагы баракчасына "Замандаш" коомдук фондусунун төрагасы Жеңишбек Молдокматов жүктөгөн.

Эске салсак, 2018-жылдын 16-июнунда кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу Москванын чок ортосунда жол четиндеги 8 адамды койдуруп кетип, алар жаракат алып, бирок каза болгон эмес.

Жабырлануучулар футбол боюнча дүйнө чемпионатына келген Мексика, Азербайжан, Украина жана Россиянын жарандары экени айтылган.

Чыңгыз, көтөр башты! Мигранттын окуясы шоу-бизнестен бийликке чейин түйшөлттү
Андан соң сот иштери бир нече ирет болуп, акыркы ирет өткөн жылдын 11-октябрында Москванын Тверь райондук соту Чыңгызды кара жумушка кескен. Башкача айтканда, ал абакта кармалып гана тим болбостон, мамлекетке иштеп берүүгө милдеттендирилген. Ага кошумча үч жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылган. 8-февралда Смоленск облустук соту аны мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууга өкүм кылды. Мыйзам боюнча ал дагы 10 күн кармалып, 19-февраль күнү абактан эркиндикке чыкты.

Sputnik Кыргызстан Чыңгыз Анарбек уулу менен маектешип, кырсык кандайча болуп кеткенин, ал күндөрдөгү абалын өз оозунан укту. Интервью учурунда аны террорчу эмес деген пикирлерин айтып түп көтөрө колдоп чыккан мекендештерине ыраазылыгын билдирген.