Радио

Чыңгыз Анарбек уулу: качпасам өлтүрүп коюшмак

Былтыр Россиядагы Футбол чемпионаты учурунда чуулуу кырсыкка кириптер болгон таксист Чыңгыз Анарбек уулу 19-февралда мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты.
Sputnik
Чыңгыз Анарбек уулу: качпасам өлтүрүп коюшмак

Москвада жол четиндеги элди койдуруп алган Чыңгыз Анарбек улуу окуядан кийин жаалданган эл өлтүрүп салбасын деп коркуп, унаадан түшө качууга аргасыз болгон. Бул туурасында ал Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.

Кыргызстандык таксист өткөн жылдын октябрь айында Москванын Тверь райондук соту тарабынан 1,6 жылга кара жумушка кесилип, Смоленск облусуна жиберилген.

Чыңгыз башында жакшы ой менен эле жаракат алгандарга жардам берүү ниетинде болгонун айтып берди.

"Мен унаадан түшкөнчө эле топтошкон балдар келип ура баштады. "Токтогула, токтогула" десем да болбой сабап жатышты. Ары жакты карасам, дагы бир тобу чуркап келе жатыптыр. Алар мени өлтүрүп деле коюшмак. Спорт менен машыккан үчүн коргонууга бир аз күчүм жетти. Коркуп качууга аракет кылдым. Анда да кармап, жерге жаткырып төпөштөп жатканда полиция келип мени алып кетти", — деди Анарбек уулу.

Ошондой эле ал кырсыктын кесепетинен адамдарды өлтүрүп алдым деп үч күн тынчсызданып жүргөнүн белгилелди.

Москвада капчык ээсин 8 саат күткөн таксист: кыргыз элине көө жабуудан корктум
"Биринчи денемдеги көгаланы, абалымды көрүп убактылуу кармоочу жай мени кабыл албай койду. Анан ооруканага алып барып, бир сыйра каратып алып келишти. Үч-төрт күнгө чейин өзүмдү билбей жүрдүм. 48 саат сурак болду, ар бир кадамымды айтып бердим. Текшергенде да дал келди. Сегиз жылдан бери Москвада иштейм, бир дагы мыйзам бузууну табышкан жок. Адамдар аман-эсен экенин үч күндөн кийин адвокатым Мирбек Токтосуновдон уктум", — деди мекендеш.

Чыңгыз Анарбек уулу менен болгон маекти толугу менен бул шилтемеден окуй аласыз.