Британиянын тургуну VI кылымга таандык алтын медальон таап алды

Буюмду таап алган жаран ага башында маани берген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Улуу Британиянын тургуну талаадан тапкан жалтырак буюмду шокаладдын кабыгы деп ойлоп, маани берген эмес. Бирок табылган буюмга 1,5 миң жылдай болгону аныкталганын The Daily Mail басылмасы жазды.

Кийимдин ордуна почтадан алтын келгенде. Франциядагы окуя
Ага ылайык, 41 жаштагы Рэйчел Картер металл издөөчү жабдуу менен артефактарды издөө менен алектенет. Жылтырыган нерсени ал жерден 10-15 сантиметрдей тереңдиктен таап, ал жаңы нерседей көрүнгөндүктөн шоколаддын тышы го деп ойлогон.

Эксперттер буюмду карап чыгып, VI кылымга таандык экенин аныкташкан. Картер бул табылгасын лотереядан уткан джекпот менен салыштырды.

Алдын ала маалымат боюнча алтын медальон жергиликтүү музейга тапшырылат.