Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев кызматынан кетип, наамы төмөндөдү

Дүйшөмбиев 2010-жылдан бери вице-мэрлик кызматты аркалап келген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Борбор калаанын вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев "Бишкексууканал" ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Катардагы элчи тышкы иштер министринин биринчи орун басары болду
Дүйшөмбиев вице-мэр болуп турганда курулуш жаатын көзөмөлдөп келген. Ал бул кызматты 2010-жылдан бери аркалап, мэрлер Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана Азиз Суракматов менен иштешкен.

"Бишкексууканалдын" мурдагы жетекчиси Асылбек Исаев өз каалоосу менен иштен кетти.

Ал эми курулуш жана архитектура жаатын тескеген вице-мэрдин милдетин башка вице-мэр, Рыспек Сарпашев аткармай болду.