Алайда 4 метрлик кудукка түшүп кеткен кишини шагыл басып калды. Сүрөт

Жабырлануучуну тереңдиктен 3,5 саатта алып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Алай районунун Гүлчө айылында 40 жаштагы киши казып жаткан кудугуна түшүп кетип, үстүн шагыл басып калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-февраль күнү болгон. Саат 11.54тө чакыруу түшүп, фельдшер менен куткаруучулар үч мүнөттөн кийин окуя болгон жерге барышкан.

"Кудуктун тереңдиги 4 метр экен. Ичи тар болгондуктан бир куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучунун үстүн басып калган шагылды чака менен сыртка алып чыгып тазалаган. Саат 15.36да түшүп кеткен киши чыгарылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабырлануучунун абалы туруктуу экени айтылды.