Эркектин жүрөк оорусун аныктоонун эң оңой жолу табылды

Окумуштуулар 10 жыл бою эксперимент жүргүзүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Гарвард университетинин (АКШ) адистери 18-66 жаштагы эркектердин жүрөк оорусун текшерүүнүн эң оңой жолун айтышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Окумуштуулар депрессиядан арылтчу диетаны айтышты
Экспериментке Индиана штатында мурда иштеген жана ушу тапта иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөр катышкан. Окумуштуулар 100 куткаруучунун ден соолугун 10 жыл бою көзөмөлдөп турушкан. Дарыгерлердин пикиринде, жүрөк оорусу жөнүндө эркек жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасап жатканда билип алса болот.

Мисалы, жерден 10 жолудан аз түртүлгөндөр жүрөк-кан тамыр ооруларына эрте кабылышы мүмкүн. Ал эми 40 жана андан көбүрөөк көнүгүү жасай алгандар жүрөк ооруларынан эки эсе аз жабыркашат.